Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык потенциалын бекемдөө боюнча пилоттук долбоор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду балдар жана жаштардын техникалык, көркөм-өнөр чыгармачылыгына өбөлгө түзүү жана колдоо, максатында, Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык потенциалын бекемдөө, маданий, ойлоп табуучулук жана көркөм-өнөр чыгармачылыгынын өнүгүшүнө шарт түзүү багытында пилоттук долбоорун жарыялайт. Долбоор боюнча билим берүү мекемелерин, жоопкерчилиги чектелген коомдорду жеке ишканаларды: техника жана маалыматтык технологиялар, программалаштыруу, жасалга-колдонмо искусствосу, живопись, керамика ж.б. багыттар боюнча имарат ижарасын акысыз камсыздап берүү менен кызматташууга чакырат.

Уюштурууну жана кызматташууну каалоочулардын кошумча билим берүү тармагы боюнча окутуучулук ишмердүүлүктү жүргүзүүгө болгон лицензиясы болууга тийиш.

Ийримдерди ачуунун максаты – илим, искусство, адабият тармагындагы чыгармачылык ишмердүүлүктү өнүктүрүү, балдар жана жаштарга кошумча билим берүү программалары менен алардын өздүк жөндөмүн, шыгын ойготуп, талантын ачуу, инсан катары калыптанышына өбөлгө түзүү болуп саналат.

Катышуу үчүн арыздын үлгүсүн (тиркелет) толтуруп, керектүү материалдарды 2018-жылдын 15-августуна чейин жиберүү керек.

Талапкерлерге болгон талаптар:

• Лицензия, устав жана/же Жобо, патент (укукту тастыктоочу документтер) болуусу шарт;
• Ийгиликтүү долбоорлорду камтыган талапкердин папкасы;
• Белгиленген тармакта 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
• Окутуунун акысы шаар боюнча базар баасынын орто өлчөмүнөн төмөн болуусу керек;
• Атайын адистик боюнча диплом, сертификаттар, күбөлүктөр артыкчылык берет.

Суроолор боюнча 0312 52 08 09; 0770 98 98 28 номерлери аркылуу байланышса болот

Арыздар төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, 11-кичирайон, үй №10/1.

Эл.дарек fund@patent.kg

Катышуу үчүн арыздын үлгүсү

Comments are closed.