Билимге негизделген экономиканы өнүктүрүү боюнча тематикалык топтун онунчу сессиясы

2018-жылдын 4-5-июлунда Азербайжан Республикасынын Баку шаарында Билимге негизделген экономиканы өнүктүрүү боюнча тематикалык топтун Онунчу сессиясы жана Туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга жетүү үчүн колдонулган, колдонулуучу технологиялар жана инфратүзүм, инновациялар жаатындагы стратегиялык маселелер боюнча регионалдык семинар болуп өттү.

Сессиянын жүрүшүндө “Туруктуу өнүгүү үчүн инновациялык стратегия” БУУнун СПЕКА атайын программасынын долбоору каралып, азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугу маселелери, геостатистикалык көрсөткүчтөрдүн өнүгүүсү жана Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн табият кырсыктарынын тобокелдиктерин азайтуу жолдору талкууланды.

Сессиянын алкагында Кыргызпатенттин статс-катчысы Т. Конокбаев баш болгон мекеменин делегациясы “Кыргызстандын инновациялык стратегиясы – көйгөйлөр жана келечек” баяндамасын тартуулашты.

Comments are closed.