Кыргызпатенттин жетекчилиги ИМБДУнун Арбитраж жана ортомчулук боюнча борборунун директору Эрик Вилберс менен жолугушту

2018-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасында арбитраж жана ортомчулук боюнча жол-жоболорун жүргүзүү үчүн иш-жүзүндөгү маселелери боюнча эксперттик миссиянын алкагында Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Арбитраж жана ортомчулук боюнча борборунун директору Эрик Вилберс Кыргызпатентке келип кетти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар медиацияны колдонуу менен байланышкан, интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо жаатындагы талаштар боюнча ортомчулук маселелерин талкуулашты.

Ошону менен бирге интеллектуалдык менчик жаатында ата-мекендик медиация институтунун  калыптандыруу жана өнүктүрүү маселелери, ошондой эле аталган чөйрөдөгү эл аралык тажрыйбанын мыкты практикалары каралды.

Comments are closed.