Кыргызпатенттин жетекчилиги ЕАПМде жана Роспатентте иш-сапары менен болду

2018-жылдын 4-июлунда Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошева ЕАПМде жана Роспатентте иш-сапары менен болду.

Иш-сапар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы маселелерин талкуулоо, ойлоп табууларды коргоо боюнча Евразиялык патенттик мекемесинин (ЕАПМ) иш тажрыйбасы жана ойлоп табууларга экспертиза жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү менен таанышуу максатында уюштурулган.

Ушул эле күнү Кыргызпатенттин төрайымы Россия Федерациясынын Интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызматында (Роспатент) иш-сапары менен болду. Анда ал патенттик талаш-тартыштар Палатасынын талаштарын чечүү тартиби, Россия Федерациясынын патенттик ишенимдүүлөрүнүн тутуму,  Өнөр жай менчиги боюнча федералдык институтунун жана Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлорунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Comments are closed.