Медиацияны интеллектуалдык менчик чөйрөсүнө жайылтуу маселелери

2018-жылдын 14-июнунда Кыргызпатент менен “Кыргыз Республикасынын республикалык медиаторлор коомдоштугу” коомдук бирикмесинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду, ал конференцияларды, семинарларды жана тренингдерди өткөрүү боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштурууну караштырат.

Меморандум калкка медиация институту, медиацияны интеллектуалдык менчик чөйрөсүнө жайылтуу жана колдонуу жана ушул жааттагы башка бир катар долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу кеңири маалымат берүүгө багытталган.

Меморандумду ишке ашырууга 2018-жылдын 19-июнунда Кыргызпатенттин кызматкерлерине медиациянын негиздери боюнча киришүү курсу өткөрүлгөн, ал эми 2018-жылдын 27-29-июнунда Кыргызпатентте Кыргыз Республикасынын 15 медиатору интеллектуалдык менчик боюнча квалификацияны жогорулатуу курсунан окушту. Кыска мөөнөттүү курстардын жыйынтыгы боюнча медиаторлорго жана Кыргызпатенттин кызматкерлерине тастыктамалар тапшырылды.

Comments are closed.