ОшМУда “Университеттерде жана илимий-изилдөө мекемелеринде интеллектуалдык менчик саясаты” деген улуттук семинар өткөрүлдү

2018-жылдын 14-июнунда Ош мамлекеттик университетинде Кыргызпатент менен ИМБДУ биргеликте уюштурган “Университеттерде жана илимий-изилдөө мекемелеринде интеллектуалдык менчик саясаты” деген улуттук семинар өткөрүлдү.

Семинардын алкагында билимди натыйжалуу өткөрүп берүү жана интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу, ошондой эле университеттерде жана илимий-изилдөө мекемелеринде интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү саясатты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Семинардын ишине ИМБДУнун Кавказ, Борбордук Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөр секторунун башчысынын милдетин аткаруучу Илья Грибков, ИМБДУнун өнүккөн жана өткөөл экономикалуу өлкөлөр департаментинин программалык кызматкери Евгений Сесицкий, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, ОшМУнун илим боюнча проректору Идрис Кенжаев, ошондой эле Ош шаарынын ЖОЖдорунун жана ИИИлеринин өкүлдөрү катышты.

Comments are closed.