“Университеттерде жана илимий-изилдөө мекемелеринде интеллектуалдык менчик саясаты” деген субрегиондук семинар өткөрүлдү

2018-жылдын 12-13-июнунда Бишкекте Кыргызпатент менен Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) биргеликте уюштурган “Университеттерде жана илимий-изилдөө мекемелеринде интеллектуалдык менчик саясаты” деген субрегиондук семинар өткөрүлдү.

Субрегиондук семинардын максаты – университеттерде жана илимий-изилдөө институттарында (ИИИ) интеллектуалдык менчик саясатын өткөрүү боюнча тажрыйба алмашуу.

Семинардын ишине ИМБДУнун, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан патенттик ведомстволорунун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, илимий-изилдөө институттарынын жана университеттеринин өкүлдөрү катышты.

Comments are closed.