Кыргызпатенттин кадрлар бөлүмүнүн башчысын ардактуу эс алууга узатышты

2018-жылдын 8-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) жамааты мекеменин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Жаныке Казаковду ардактуу эс алууга узатышты. Кыргызпатентте Казаков 10 жылдан ашыгыраак иштеди.

Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик тутумунун өнүгүшүнө жана өркүндөшүнө бир кыйла кошкон салымы, натыйжалуу иши үчүн Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын “Патент кызматынын отличниги” төш белгиси менен Жаныке Казаковду сыйлады.

 

Comments are closed.