“Таза жашоо” кампаниясынын алкагында Кыргызпатенттин жамааты ишембилик өткөрдү

Бүгүн, 31-мартта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) “Таза жашоо” улуттук кампаниясынын алкагында ишембилик өткөрдү.

Кыргызпатенттин кызматкерлери Бишкек шаарынын муниципалитети тарабынан ведомствого бекитилген аймакты, ошондой Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун территориясынын сугат тармактарын куураган өсүмдүктөрдөн жана жалбырактардан тазалады.

 

Белгилүү болгондой, 2018-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин республиканын шаарларынын жана калктуу конуштарынын аймактарын санитардык тазалоо жана көктөндүрүү боюнча үч айлык “Таза жашоо” улуттук кампаниясы өткөрүлөт.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.