“Таза жашоо” урааны менен Кыргызпатенттин жамааты ишембилик өткөрдү

Бүгүн, 24-мартта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) “Таза жашоо” урааны менен республиканын шаарларынын жана калктуу конуштарынын аймактарын санитардык тазалоо жана көктөндүрүү боюнча үч айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү.

Кыргызпатенттин кызматкерлери ведомствого бекитилген аймакты, сугат тармактарын куураган өсүмдүктөрдөн жана жалбырактардан тазалады. Тилкеден Бишкек шаарынын муниципалитети 8 тонна таштанды чыгарды.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.