“Кыргыз озолоңу” өсүмдүгүн салттуу пайдалануу

2018-жылдын 19-мартында “Нооруз” майрамынын алкагында № 92 кесиптик-техникалык лицейде уюштурулган көптөгөн пайдалуу касиеттери бар “Кыргыз озолоңу” өсүмдүгүн салтуу пайдалануусу менен даярдалган эт жана Улуттук кыргыз тамак-аштарынын бет ачары болуп өттү.

Иш-чара “Дил-Ордо” Коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулган. Коноктор кыргыз тамак-аштарынын ар түрдүүлүгү менен тааныша алышты, аларды лицейде окуган таланттуу балдардын чыгармачылыгы таң калтырды, балдар жыгач жана булгаары буюмдарын иштеп даярдоо боюнча өз иштерин көрсөтүштү, алар өздүк көркөм чыгармачылыктарын, кийиз өнөрчүлүктөрүн жана башка көптөгөн искусство ар түрдүүлүктөрүн тартуулашты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы Досалы Эсеналиев “Дил-Ордо” Коомдук бирикмесинин жетекчиси Жаанбаев Орунбекке анын “Кыргыз озолоңун колдонуу менен этти туздоонун жана сактоонун ыкмасы” ойлоп табуусуна патент тапшырды.

Өз чыгып сүйлөө сөзүндө Досалы Эсеналиев жаздын жана күн менен түндүн теңелүүсүнүн белгиси болгон келе жаткан Нооруз майрамы менен лицейдин окуучуларын жана окутуучуларын куттуктады, ал заманбап коомдогу салттуу билимдердин ордун жана сакталышынын маанилүүлүгүн, кыргыз элинин турмуш тиричилигин, кылым карыткан билимдердин жана маданияттын өнүгүшүн белгиледи. Кыргызпатенттин төрагасы кыргыздардын салттуу билимдеринин сакталышына, калыбына келтирүүгө жана аны арттырууга кошкон салымы үчүн Жаанбаев Орунбекке ыраазычылык билдирди.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.