2018-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) мырзалары мекеменин айымдарын 8-март Эл аралык аялдар күнү менен куттукташты.

Салтанатта Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев, төраганын орун басары Самат Байзаков, Инновациялар жана стратегиялык өнүгүү башкармалыгынын начальниги Өскөнбай Козубаев жана мекеменин профсоюздук уюмунун төрагасы Бакытбек Абышбаевтер куттуктоо сөздөрүн арнашты.

Айымдардын жаз майрамынын урматына атактуу обончу, ырчы жана аткаруучу, Ош Мамлекеттик университетинин проректору Түмөнбай Колдошов Кыргызпатентте эмгектенген жалпы аял затына өзүнүн калеминен жаралган жана башка ырлардан ыр десте тартуулады.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.