«Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо» темасындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) жана милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясынын (ИИМ Академиясы) ортосундагы окутуучу курстарды жана факультативдик сабактарды өткөрүүдөгү кызматташтык жөнүндө меморандумду ишке ашыруу максатында 2018-жылдын 27-февралында “Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо” темасындагы илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Илимий-практикалык конференциянын максаты болуп интеллектуалдык менчик маселелерин кеңири жайылтуу, бул чөйрөдөгү илимий жана билим берүү долбоорлорун ишке ашыруудагы ийгиликтүү тажрыйбаны изилдөө, мамлекеттик органдар тарабынан интеллектуалдык менчик объектилерин практика жүзүндө коргоо, жогорку окуу жайларда интеллектуалдык менчиктин курстарын окутуу саналды.

Илимий-практикалык конференциянын ишине Кыргызпатенттин жетекчилиги, КР ИИМ Академиясынын жетекчилиги жана профессордук – окутуучулук курамы, сот, укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдардын, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, ошондой эле Казакстан Республикасынын “Укук ээлеринин улуттук биримдиги” Республикалык коомдук бирикмесинин өкүлү катышты.

Өз сөзүндө Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев жана ИИМ Академиясынын илим боюнча начальнигинин орун басары Арзыгүл Жоробекова конференциянын катышуучуларына ыраазычылык билдирип, интеллектуалдык менчикобъектилерин коргоо маселелери жана курсанттар менен студенттер үчүн окуу процессине “Интеллектуалдык менчик укугу” сабагын киргизүү боюнча мамлекеттик органдын жана жогорку окуу жайдын тажрыйбаларын айтып беришти.

Илимий-практикалык конференциянын катышуучулары интеллектуалдык менчик объектилерин практикалык жана билим берүү тармагында сактоо жана коргоо боюнча тажрыйба алмашты, мындан ары интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жана сактоону пропагандалоо маселелеринде ведомстволор менен жогорку окуу жайлардын ортосундагы өз ара аракеттешүу боюнча сунуштарын киргизишти.

Казакстан Республикасынын “Укук ээлеринин улуттук биримдиги” республикалык коомдук бирикменин башкы директорунун орун басары Фарух Касымовдун авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу жана интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча Казакстан Республикасынын сот, укук коргоо органдарынын иш тажрыйбасы жөнүндө баяндамасы катышуучулардын кызыгуусун арттырды. Б. Н. Ельцин атындагы Кыргызстан-Россия Славян университетинин жарандык укук жана процесс кафедрасынын доценти, ю.и.к. Женишгүл Саргалдакова угуучулардын көңүлүн салттуу билимдерди коргоо маселелерине жана дүйнөдөгү практикага бурду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын жарандык жана үй-бүлөлүк укук кафедрасынын улук окутуучусу Дина Омурчиева ачык билим берүү ресурстары жана автордук укук маселелери боюнча баяндама сунуштады. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын жарандык жана үй-бүлөлүк укук кафедрасынын улук окутуучусу Жаңыл Бейшекеева автордук жана чектеш укуктар объектилерин укуктук коргоо боюнча баяндама жасады.

Илимий-практикалык конференциянын жыйынтыгында катышуучулар бул иш-чаранын уюштуруучуларына өздөрүнүн ыраазычылыгын билдирип, кызыкдар жактарды көп тартуу менен тыгыз кызматташууну улантууга Кыргызпатенттин жана ар бир жогорку окуу жайдын даярдыгын билдиришти.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.