Бажы органдарынын практикалык кызматкерлери үчүн факультативдик окутуулар болуп өттү

2018-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери үчүн адистештирилген бажыда интеллектуалдык менчик объектилеринин укуктук коргоо маселелери боюнча факультативдик окутуу өткөрдү.

Курстардын жүрүшүндө интеллектуалдык менчик жаатындагы эл аралык келишимдердин жана мыйзамдуулуктардын тематикасы чагылдырып, автордук жана чектеш укуктар объектилеринин жана автордук чыгармаларды каттоо түшүнүгү, товардык белгилерди каттоо жана анын түшүнүгү, патент алуу үчүн өтүнмө берүү жөнүндө Кыргызпатенттин кызматкерлери баяндап беришти.

Окутууга катышкан 22 адамдан түзүлгөн факультативдик окутуулардын угуучулары: борбордук мамлекеттик бажы кызматынын, “Нарын”, “Северная” жана “Манас” бажы органдарынын кызматкерлери коюлган темага кызыктар болушуп, интеллектуалдык менчик системасы тууралуу жана интеллектуалдык менчик объектилери жөнүндө кызыктыруучу суроолорун беришти.

Адистештирилген бажынын жетекчилиги өткөрүлгөн маалыматтык иш үчүн Кыргызпатентке ыраазычылыгын айтты, ошондой эле мындан ары кызматкерлерди окутуу маселесин эриш-аркак алып баруу үчүн кыска мөөнөттүү курстарды, факультативдик окутууну, тегерек столдорду жана семинарларды өткөрүү боюнча кызматташууну улантууну сунуштады.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.