Кыргызстан ТРИПС макулдашуусун толуктоо жөнүндө протоколду ратификациялаган БСУнун мүчөлөрүнүн катарына кирди

Tazabek – Кыргызстан Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашууга (ТРИПС) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялаган Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (БСУ) мүчө-мамлекеттеринин катарына кирди. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул протокол ТРИПС макулдашуусун 31bis беренеси жана дары каражаттарын экспорттоо максатында мажбурлап лицензиялоону кеңири пайдалануунун тартибин аныктоочу тиркеме менен толуктоону караштырат. Бул жоболор дары каражаттарын чыгаруу боюнча жетиштүү кубаттуулугу жок БСУнун мүчө-мамлекеттерине өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда дары каражатын керектүү көлөмдө жеткирүүнү камсыздоого жардам сурап  БСУнун башка мүчө-мамлекетине кайрылууга мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Данияр Мукашев жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин БСУ маселелери боюнча Женева шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурбек Максутов БСУнун башкы директору Роберто Азеведу менен жолугушту.

Жолугушууда Данияр Мукашев башкы директорго Кыргызстандын ТРИПС макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго кошулуусу боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболорду кыргыз тарап аяктаганы жөнүндө ратификациялык грамотаны тапшырды.

Роберто Азеведу дары каражаттарына жетүүнү оңойлотууга багытталган  ТРИПС макулдашуусуна бул өзгөртүүлөр ТРИПС макулдашуусунун ийкемдүү механизмдерин колдонуу аркылуу жеткиликтүү медицинага муктаж болгон өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн чоң мааниге ээ экендигин билдирди. Ратификациялык грамотаны тапшыруудан тышкары, тараптар  Кыргыз Республикасы менен БСУнун учурдагы жана келечектеги кызматташуусунун маанилүү өңүттөрүн, ошондой эле  2018-жылдын январь айында Давос шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун жыйынтыктарын талкуулашты.

Толук маалымат: www.tazabek.kg/news:1430491?f=cp

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.