Кыргызпатент менен Маданият жана искусство университетинин ортосунда Меморандумга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) менен Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Меморандум интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлыкты, бул жааттагы маалыматтык-агартуу ишинин, адистерди даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана студенттердин практика өтүүсүн жакшыртуу маселелерин бекитет.

Кол коюлган Меморандумду ишке ашыруу максатында, тараптар интеллектуалдык менчик, анын ичинде автордук укук маселелери боюнча илимий-практикалык конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды, чыгармачыл кечелерди, факультативдерди, кыска мөөнөттүү окутуу курстарын уюштурууга багытталган тыгыз кызматташууну улантат.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.