Эстондук тажрыйбаны эске алуу менен Кыргызстанда технопарктарды түзүү жана өнүктүрүү боюнча аракеттер

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиевдин Эстониялык интеллектуалдык менчик жана технологиялар трансфери борборунун (EIPTTC) директору Мариус Кунингас жана саясат жаатындагы негизги эксперт Кристиан Гессл менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу темалары, анын ичинде технопарктарды түзүү боюнча кызматташуунун маселелери талкууланды.

Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев инновацияларды өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттер жана чаралар жөнүндө, анын ичинде Кыргызстандын ЖОЖдорунда технопарктарды түзүү боюнча өткөрүлгөн конкурс жөнүндө айтып берди. Анын сөзү боюнча ушул долбоорго ылайык резиденттер университеттик технопарктарда илимий-агартуучу мекемелеринин инновациялык базасындагы иштелмелеринин атаандаштыкка жөндөмдүү продукциясын чыгарууну иш жүзүнө ашыра алышат.

Кристиан Гессл мырза донордук каражаттарды издеп табуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, ишмердүүлүгү ушуга окшогон долбоорлорду колдоого багытталган эл аралык компаниялар жөнүндө баяндады. Ошондой эле долбоорлор рынокко багытталышы керектигин белгиледи.

EIPTTC директору М. Кунингас технопарктардын орун алган жеринин ролу маанилүү экендигин айтты, анткени рыноктун муктаждыгын эске алуу менен сатуу
рыногунда андан ары аны сатып өткөрүү үчүн ыңгайлуу болушу керек. Кунингас мырза университеттерде эстондук технопарктардын ишмердүүлүгүн эске алган интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу маеселелери боюнча тегерек столдо талкуулоого катышуу максатында май айында Тарту технопаркынан делегация келе тургандыгын белгиледи.

Тараптар Кыргызстанда мындан ары инновацияларды бир кыйла жакшыртууга кызмат кыла турган, технопарктарды түзүүдө конкреттүү максаттарга жетүү боюнча биргелешкен аракеттерди тастыкташты. Эксперттер Кыргызстанда технопарктарды түзүүгө колдоо көрсөтүү маселелери боюнча донорлор жана мамлекеттик органдар менен бир катар жолугушууларды өткөрүүнү пландаштырууда.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.