Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы «Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» республикалык конкурсун өткөрүү жөнүндө жарыялайт

Конкурстун максаты – коомдо өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн маанилүү куралы катарында интеллектуалдык менчиктин ролун жана маанисин кеңири түшүндүрүү.

Конкурс төмөнкү 5 номинация боюнча өткөрүлөт:

– «Акыл табылга» (Мыкты ойлоп табуу), патент ээлерин катышууга чакырылат;

– «Канатташ» (Автордук укук чөйрөсүндө жемиштүү кызматташуу),  автордук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануучулар, анын ичинде театрлар, филармониялар, телерадиокомпаниялар, концерттик оюн-зоок иш-чараларын уюштуруучулар, коомдук тамак-аш ишканалары, көңүл ачуу жайлары, соода аянттары катышууга чакырылат;

– «Интеллектуалдык өнөктөштүк» (Интеллектуалдык менчикти сыйлоону камсыздоого көмөктөшүү),  жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, окуу жайлары, окумуштуулар, патенттик ишенимдүү өкүлдөр, журналисттер, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана окутуучулар  катышууга чакырылат;

–  «Келечек жаратманы» (Жаш техник),  17 жашка чейинки жалпы билим берүү уюмдарынын, балдар борборлорунун жана техникалык чыгармачылык ийримдеринин окуучулары катышууга чакырылат. Бул номинацияда Конкурска катышууга сунуштоону жалпы билим берүү уюмдарынын, балдар техникалык чыгармачылык борборлорунун жетекчилери беришет;

– «Мыкты бренд», Кыргыз Республикасынын аймагында продукция чыгаруучу жана кызмат көрсөтүүчү менчиктин ар түрдүү формасындагы ишканалар жана уюмдар катышууга чакырылат.

Конкурска жеке жана юридикалык жактар катыша алат. Ар бир номинацияга бекитилген үлгүдөгү өтүнмө тиркелиши керек, өтүнмөлөр электрондук дагы, кагаз түрүндө дагы кабыл алынат.

Документтерди кабыл алуу дареги: Бишкек ш., Москва көч., 62.

e-mail: nomination@patent.kg

Кененирээк маалыматты www.patent.kg  сайтынан же  (0312) 68-19-02 телефонунан  алууга болот.

Өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү: 2018-жылдын 1-апрелине чейин.

“Мыкты бренд” номинациясы боюнча интернет-сурамжылоо жүргүзүлөт, өткөрүлчү сайт  кошумча билдирилет.

Сыйлоо аземи 2018-жылдын 26-апрелинде – Эл аралык жана Улуттук интеллектуалдык менчик күнүндө өтөт.

«Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» деген республикалык конкурсту өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО

Жобо

Тиркеме

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.