Кадырлуу достор, урматтуу интеллектуалдык менчик жаатына эмгегин арнаган санаалаштар!

Сиздерди Жаңы 2018-жылыңыздар менен куттуктайм! Жаңы жыл ак тилектин, аруу ниеттин, ынтымактын жана тилектештиктин жылы болсун! Элибизде, сүйүктүү Кыргыз жерибизде тынчтык, молчулук, ырашкерлик орносун! Жаңырган жылда биздин кызматташтык да өркүндөй берсин!

Жаңы жылда Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, албан ийгиликтерди каалайм!

 

Терең урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Интеллектуалдык менчик жана

инновациялар мамлекеттик кызматынын

төрагасы                                                                                    Досалы Эсеналиев

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.