Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы интеллектуалдык менчик жаатындагы иштерди майнаптуу аткарууну камсыздаган жаңы кесиптик билимдерди, ыкмаларды жана көндүмдөрдү алуу жана аларды өнүктүрүү аркылуу бюджеттик чөйрөдөгү уюмдардын интеллектуалдык менчикти пайдалануудагы иштерине колдоо көрсөтүү үчүн  ишканалар жана/же бюджеттик уюмдар үчүн патент таануучу адистерди даярдоо максатында “Патенттик укуктун объектилери, жекелештирүү каражаттары жана алардын экспертизасы” темасында аралыктан окутуу программасына конкурс жарыялайт.

Конкурсту өткөрүү мөөнөтү:

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу 27.12.2017-11.01.2017-ж. чейин (10 иш күнүнүн ичинде)

Өтүнмөлөрдү кароо жана конкурсанттарды жарыялоо 12.01.2018-18.01.2018-ж. чейин (5 иш күнүнүн ичинде)

Талапкерлерге коюлуучу талаптар:

–         Кыргыз Республикасынын жарандыгы;

–         жогорку билими;

–         өнөр жай менчигинин объектилерине өтүнмөлөрдү тариздөө менен түздөн-түз алектенген, ишканалардын жана/же бюджеттик уюмдардын патент таануучу адистери;

–         интеллектуалдык менчик тармагында  иштеген бир жылдан кем эмес стажы;

–         ишкананын жана/же бюджеттик уюмдан сунуштоо каты (өтүнүчү).

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер электрондук түрдө берилет:

–         окутууга өтүнмө;

–         ишкананын жана/же бюджеттик уюмдун  сунуштоо каты (өтүнүчү);

–         паспорттун көчүрмөсү;

–         жогорку билими жөнүндө  дипломдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

Окутуудан өтүү үчүн өтүнмөлөр кагаз жана электрондук түрдө төмөнкү дарекке берилет: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 62, “Конкурска катышуу үчүн” деген белгиси менен же e-mail: info@patent.kg  жөнөтүлөт.

Кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген өтүнмө кабыл алынбайт.

Окутуунун узактыгы:

6 жума/90 саат, окутуу үчүн бекитилген мезгил жок.

Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Бишкек шаары, Москва көчөсү, 62, Кыргызпатент

Маалымат берүү телефондору:

(0312) 68-13-32 Искакова Күлүмкан Айбашовна,

(0312) 68-10-71 Нуруллина Румия Ильдаровна

(0312) 68-17-34 Уракеева Салийка Эдилбековна

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.