Автордук укук жана чектеш укуктар маселелерине арналган тегерек стол боюнча маалымат

Өткөн жумада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) “Бейне-Өнөр” фонду менен биргеликте автордук укук жана чектеш укуктар маселелери боюнча тегерек стол өткөрдү.

Тегерек столдун жумушунда авторлор, аткаруучулар, телерадиокомпаниялардын өкүлдөрү катышышты. Тегерек столду Кыргызпатенттин статс-катчысы Жапаркул Ташиев ачты. Өзүнүн сөзүндө ал катышуучуларга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, тегерек столдун жыйынтыгы менен музыкалык чыгармаларды колдонуу жаатындагы бир топ маселелер чечилет деген үмүтүн билдирди.

Жыйында авторлордун, аткаруучулардын укуктарын коргоо маселелери, автордук калем акыларды чогултуу, бөлүштүрүү боюнча маселелер каралды. Тегерек столдо Кыргызпатенттин өкүлдөрү авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу жаатындагы аткарылган иштер жана жетишилген ийгиликтер тууралуу айтып беришти. Жылдан жылга чогултулган автордук калем акылардын өлчөмү көбөйүүдө. Мисалга, эгер 2007-жылы чогултулган автордук калем акынын өлчөмү 2 миллион сомду түзсө, 2016-жылы бул көрсөткүч 11 миллион сомду түздү. Ошондой эле автордук укук объектилерин колдонуучулар менен түзүлгөн келишимдердин саны да жылдан жылга өсүүдө. Катышуучулар телерадиокомпаниялар тарабынан колдонулган чыгармалар тууралуу туура эмес отчеттор берилип жатканын белгилешти. Ушуга байланыштуу азыркы учурда Кыргызпатент тарабынан телерадиокомпаниялардын эфиринде чыгып жаткан музыкалык чыгармаларды автоматтык түрдө мониторинг жүргүзүү маселеси каралууда. Тегерек столдо ТМС компаниясынын өкүлү автордук калем акыларды бөлүштүрүүнү автоматташтырган программасын презентациялады, ал программа колдонулуп жаткан чыгармаларды бардык телерадиокомпанияларда мониторинг жүргүзөрүн жана маалыматтын тактыгы үчүн жооп берерин айтып берди. Мониторинг программасы жөнүндө уккан маалыматтан кийин өз кезегинде Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) өкүлү Н. Жумабаева буга чейин КТРК тарабынан автоматташтырылган мониторинг кызматына тендер жарыялангандыгы жана декабрдын аягында бул тендердин жыйынтыгы боюнча чечим чыгарыла тургандыгы жөнүндө билдирди.

Тегерек столдун жүрүшүндө авторлор жана аткаруучулар автордук калем акы төлөөдө кээ бир телерадиокомпаниялардын адилетсиз мамилесин белгилешти. Атап айтканда, авторлор “Кыргызстан обондору” радиокомпаниясын өзгөчө белгилешти. Автор жана аткаруучу Айбек Карымовдун айтуусунда бул радио кыргыз чыгармаларын күнү-түнү уктурган эң чоң радиостанция болуп эсептелет жана радиодон кеткен жарнамалардын бааларына караганда булардын кирешеси бир топ эле чоң. Бирок ошого карабай, алардын төлөп жаткан автордук калем акынын өлчөмү арзыбаган жана алардын кирешесине төп келбейт. Ушуга байланыштуу тегерек столдун катышуучулары бул радионун жетекчилигинин дарегине төлөнүп жаткан калем акылардын өлчөмүн кескин түрдө жогорулатуу талабы менен жамааттык кайрылуу жөнөтүштү.

Ошондой эле каракчылык менен күрөшүү маселеси көтөрүлдү. Катышуучулар өлкөдөгү каракчылыктын жогорку деңгээлин белгилеп, авторлордун жана укук ээлеринин укуктарын камсыздоодо мамлекет тарабынан катуу чаралар көрүлүшү керек деген пикирин билдиришти.

Жыйынтыгында катышуучулар тегерек столду уюштуруунун жогорку деңгээлин белгилеп, мындай иш-чаралардын көбүрөөк болуусун каалоо айтышты.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.