Кыргызпатентте иероглифтерди үйрөтүү боюнча жаңы методика катталды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) иероглифтерди үйрөтүү боюнча жаңы методиканы каттады.

Буга чейин жаш тапкыч команда иероглифтерди үйрөтүү боюнча жаңы эксклюзивдүү ыкманы иштеп чыккан, анын натыйжасында кытай тилин үйрөнүү жаңы көрүнүштө чечмелөөгө мүмкүндүк алат.

Кыргызпатент тарабынан “Иероглифтер сүрөттөмөлөр көрүнүшүндө” атту окуутуу куралына Күбөлүк берилди, методиканын өзгөчөлүгү -сүрөттөмөлөрдө жана материалды көрүп кабыл алууда.

Талгат Молдалиевтин (методиканын автору) айтуусунда бүгүнкү күндө окутуу материалдарды берүүдө такыр керексиз маалыматты жазуу, көп убакыт сарптап иероглифтерди жазып жана милдеттүү түрдө жаттап чыгуу салттуу ыкмасы эскирген. “Оюн түрүндө кытай иероглифтерин үйрөтүү жеңил жана жөнөкөй. Окутууда иероглифтерди жөнөкөйлөтүп биринчилерден болгонубузга биз сыймыктанабыз”, – дейт автор.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.