Кыргызпатенттин алдындагы патенттик-техникалык китепканасында “Манас” эпосунун жумалыгына арналган иш-чара өткөрүлдү

2017-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасында (МПТК) “Манас” эпосунун жумалыгына арналган иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Манастын 7 осуяты кеңири баяндалды, анда МПТКнын директорунун орун басары Маркабай Ааматов “Манас” эпосунун улуулугун жана баалуулугун баса белгиледи, ошондой эле “Манас” эпосунун өсүп келе жаткан муунга тарбиялык маанисинин өтө чоң экендиги айтылды.

Бул тема чоң талкууну жаратып, МПТКнын кызматкерлери өз пикирлерин ортого салышты. Иш-чаранын соңунда МПТКнын кичинекей окурмандары “Манас” эпосунан үзүндү айтып беришти.

Иш-чаранын алкагында Манас эпосун таанып, билүү үчүн окурмандарга таалим тарбия бере турган китеп көргөзмөсү уюштурулуп 11-декабрга чейин ачык эшик түрүндө уланмакчы.

Кыргызпатент ушул сыяктуу тарбиялык жана руханий маанилүү иш-чараларды байма-бай өткөрүүнү пландаштырууда.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.