Патенттик китепкананын 50 жылдыгына арналган юбилейлик конференция болуп өттү.

2017-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасында (МПТК) китепкананын 50 жылдыгына арналган юбилейлик конференция болуп өттү.

Юбилейлик конференция китеп окууга көңүл кош карабаган адамдарды чогултту – Кыргыз Республикасынын китепканаларынын өкүлдөрү, билим берүү жана маданият кызматкерлери, китепкананын ардагерлери, Кыргызпатенттин жана МПТКнын кызматкерлери.

Кыргызпатенттин атынан мекеменин статс-катчысы Жапаркул Ташиев патенттик китепкананын юбилейи менен директору Айнур Кенжебаеваны жана жамаатты куттуктады, ал өз куттуктоосунда МПТК Кыргыз Республикасындагы жалгыз ири патенттик-техникалык китепкана экендигин белгиледи. “Патенттик-техникалык документтөөнүн 18 миллиондук фондун кыска мөөнөттүн ичинде түзүлгөндүгү китепкана жамаатынын көптөгөн муундарынын жалпы ишинин натыйжасы”, – деди Ташиев.

Конференциянын жүрүшүндө МПТКнын ишмердүүлүгү жөнүндө видеотасма көрсөтүлдү, анда китепкананын басып өткөн жолу, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк патенттик китепканалардын атынан бир катар видеокуттуктоолор көрсөтүлдү.

Иш-чаранын катышуучуларынын назарына патенттик-техникалык китепкананы өз үйүндөй көргөн окурмандардан куттуктоолор, китепкана кызматкерлеринин архивдик жана учурдагы сүрөттөрүн камтыган “МПТК – адамдар, жылдар, жашоо” сүрөт-көргөзмөсү сунушталды.

Конференциянын соңунда коноктор үчүн китепкананын ичинде экскурсия уюштурулду.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.