Жаштар арасындагы интеллектуалдык менчик жана салттуу билимдер боюнча эссе-конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланды

2017-жылдын 21-ноябрында  Адеп, ыйман жана маданият жылынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду тарабынан уюштурулган жаштар арасындагы “Интеллектуалдык менчик” жана  “Чыгармачылык: салт жана учур” республикалык эссе-конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Конкурстун максаты – жаштар арасында интеллектуалдык менчик жана салттуу билимдер тууралуу негизги түшүнүктөрдү кеңейтүү, анын ичинде кыргыз элинин каада-салтын сактоо жана жайылтуу болуп саналат.

Эссе-конкурска республикабыздагы окуу жайларынын студенттери жана мектеп окуучулары катышты. Конкурска жалпысынан 89 эссе кабыл алынып,  алардын ичинен жумушчу топ тарабынан интернет булактарынан көчүрүлгөн 37 иш конкурстан четтетилди. Жыйынтыгында жигердүү катышкан 52 катышуучуга Кыргызпатенттин атайын сертификаттары тапшырылды.

Калыстар тобунун чечими менен  артыкчылыгын жана мыктылыгын көрсөткөн төмөнкү чыгармачыл жаштарга диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды: 

I-даражадагы диплом жана 4 000 (төрт миң) сом акчалай сыйлыктын ээлери:

  • Абдимиталипова Даткайым – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик жана муниципиалдык багыты боюнча 4-курсунун студенти.
  • Элдияр уулу Адилет – М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин технология жана табыйгатты колдонуу факультетинин 4-курсунун студенти;
  •  

II-даражадагы диплом жана 3 000 (үч миң) сом акчалай сыйлыктарынын ээлери:

  • Абдыкеримова Аманай – Ош Мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 5-курсунун студенти.
  • Турдубаева Айтурган – Ош Мамлекеттик университетинин Искусство факультетинин 3-курсунун студенти;
  • Усөнова Жылдыз, Пенкина Алена – И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин жанаТокмок шаарындагы Х.А. Рахматуллин атындагы филиалынын дизайн багыты боюнча 4-курсунун студенттери; 

III-даражадагы диплом жана 2 000 (эки миң) сом акчалай сыйлыктарынын ээлери:

  •   Абдиманап уулу Шарабидин – Лейлек районундагы Исфана шаарында жайгашкан Эл аралык каржы жана бизнестик укуктарды башкаруу академиясынын 1-курсунун студенти;
  • Акунова Наргиза – К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын 5-курсунун студенти;
  •  Алмазбек кызы Гулиза – Н.Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин “Мекемелердеги экономика жана башкаруу” кафедрасынын 3-курсунун студенти.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.