Кыргызпатенттин төрагасы жана ИМБДУнун өтмө жана өнүккөн экономикасы менен өлкөлөр департаментинин директору мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты

2017-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрагасы Досалы Эсеналиев менен Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун өтмө жана өнүккөн экономикасы менен өлкөлөр департаментинин (ИМБДУ) директору Михал Швантнердин сүйлөшүүлөрү болуп өттү.

Анда тараптар ИМБДУ менен биргеликте 2018-жылда иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө жардам көрсөтүү жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик тутумунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган иш-чаралар пландарын талкуулашты.

Кыргызпатенттин төрагасы 2017-жылдын 14–15-ноябрында болуп өткөн “Университеттерде жана илимий-изилдөө мекемелеринде интеллектуалдык менчик жаатындагы саясат” регионалдык семинарын уюштурууга ИМБДУ тарабынан көрсөтүлгөн колдоого жана бүтүндөй Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти коргоого жана сактоого байланышкан маселелерди алга жылдырууда көрсөткөн үзгүлтүксүз жардамы үчүн дагы ыраазычылыгын билдирди.

Семинардын алкагында жогорку окуу жайларында жана илимий-изилдөө институттарында интеллектуалдык менчикти алга жылдыруу стратегиясын өнүктүрүү, анын ичинде ушул багытта такшалмаларды жана тажрыйба алмашууларды уюштуруу чөйрөсүндө долбоорлорду мындан ары илгерилетүү боюнча бир катар сунуштар аныкталды.

Д. Эсеналиев ар түрдүү максаттуу топтор үчүн ушул жаатта окутуунун натыйжалуу системасын жүргүзүүгө мүмкүндүк берген интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө окутуунун типтүү программаларын жана окутуунун методологияларын өздөштүрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.