Бишкекте университеттердеги жана илимий-изилдөө мекемелериндеги интеллектуалдык менчик саясаты талкууланды

2017-жылдын 14–15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) менен биргеликте “Университеттердеги жана илимий-изилдөө мекемелериндеги интеллектуалдык менчик саясаты” аттуу регионалдык семинар өткөрдү.

Семинардын максаты университеттердеги жана илимий-изилдөө мекемелериндеги интеллектуалдык менчик саясатын жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашуу болду.

Семинардын ишине Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ), Беларусия, Казакстан, Тажикстан, жана Өзбекстан патенттик мекемелеринин, Кыргызстандын министрликтеринин, илимий-изилдөө институттарынын жана университеттеринин өкүлдөрү катышты.

ИМБДУнун өтмө жана өнүккөн экономикасы менен өлкөлөр департаментинин директору Михал Швантнер өтмө экономикасы менен өлкөлөрдүн дараметин жогорулатуу боюнча ИМБДУнун ишмердүүлүгү жөнүндө семинардын катышуучуларына айтып берди. Ал ИМБДУнун университеттер жана илимий-изилдөө мекемелер үчүн интеллектуалдык менчик жаатындагы саясаты жөнүндө айтып кетти. “Гарвард университетинин бюджетинин 90%-ын окутуу үчүн төлөнгөн эмес, университеттин студенттеринин жана окутуучуларынын интеллектуалдык ишмердүүлүгүнүн натыйжасын коммерциалаштыруудан түшкөн акча, түзгөндүгүн билгеним, мен үчүн абдан чөң күтүлбөгөн маалымат болду”, – деди ал.

Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев семинар университеттердеги жана илимий-изилдөө мекемелериндеги интеллектуалдык менчик саясатын жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашуу жана зарыл маселелерди талкуулоо үчүн жемиштүү аянтча болорун баса белгиледи. Ал Кыргызстанда интеллектуалдык менчик тутумун өнүктүрүүнү туруктуу колдогондугу, ошондой эле ушул регионалдык семинарды уюштурууга жардам көрсөткөндүгү үчүн ИМБДУнун өтмө жана өнүккөн экономикасы менен өлкөлөр департаментинин директору Михал Швантнерге ыраазычылык билдирди.

Эсеналиев ушул багыттагы эл аралык тажрыйба боюнча баяндамалар үчүн, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү саясатты аныктоо боюнча ИМБДУнун куралдары жана сунушталган иштелмелер үчүн дагы ИМБДУнун эксперттерине ыраазычылыгын билдирди.

Региондордогу университеттердин жана илимий-изилдөө институттардын саясаты боюнча учурдагы кырдаалдар жөнүндө панелдик талкуу ишине Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан патенттик мекемелеринин өкүлдөрү активдүү катышышты.

Семинардын экинчи иш күнү интеллектуалдык менчик жаатында саясатты иштеп чыгуу боюнча консультациялык сессия менен улантылды. Семинар интеллектуалдык менчик жаатындагы тажрыйба алмашуу үчүн актуалдуу аянтча болду, бул албетте, инновацияларды, интеллектуалдык менчикти коргоо жана сактоо жаатындагы мындан аркы натыйжалуу ишке түрткү берет, ошондой эле университтердин жана илимий-изилдөө мекемелердин өндүрүш жана бизнес менен болгон байланышын жана алакалашуусун бекемдейт.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.