Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөөнүн алдында Кыргызпатентте жалпы жыйналыш болуп өттү

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөөнүн алдында  2017-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) жалпы жыйналыш болуп өттү.

Анда философия илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргызпатенттин Инновациялар жана стратегиялык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Өскөнбай Козубаев 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн кезектеги жылдыгынын, Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 100 жылдыгынын, Кыргызстандын тарыхындагы саясий репрессиялардын 80 жылдыгынын жана мамлекеттүүлүктүн кайра жаралуусунун орду жана мааниси жөнүндө баяндама жасады.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.