Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктуктарды коргоо деңгээлин жогорулатуу

Бүгүн, үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар малекеттик кызматынын (Кыргызпатент) 2017-жылкы Иш-планына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында (КМЮА) факультативдик окутуулар болуп өттү.

Факультативдик окутуулардын максаты интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдардын практикалык колдонуусу жана студенттердин интеллектуалдык менчик объектилерин сактоо жана укуктук коргоо жөнүндө билимин жогорулатуу болуп саналат.

Кыргызпатенттин кызматкерлери КМЮАнын укук жана ишкердүүлүк факультетинин 4-курсунун 40 студентине төмөнкү темалардагы лекцияларды сунуштады:

– “Интеллектуалдык менчик тутуму жана түшүнүгү. Интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдар”;

– “Автордук укук жана чектеш укуктар боюнча түшүнүк, аларды каттоо жана өтүнмө берүү. Авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу”;

– “Өнөр жай менчигинин объектилерин коргоо маселелери: товардык белгилерди коргоо жана анын түшүнүгү, товардык белгилерди каттоо үчүн документтерди тариздөө тартиби”.

Кыргызпатент КМЮАнын окутуучуларына жана студенттерине ыраазычылык билдирип, окутуу иш-чараларын өткөрүү боюнча мындан ары да кызматташууга даяр экендигин тастыктайт.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.