Женевада инновациялар боюнча адистер тобунун 10-сессиясы болуп өттү

Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын Инновациялар жана атаандыштыкка жөндөмдүүлүк боюнча адистер тобунун 10-сессиясы Женевада 19-20-октябрда болуп өттү. Кыргыз Республикасынан иш-чарага Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) өкүлдөрү катышты.

 Иш-чарада туруктуу өндүрүштүн жана керектөөнүн кызыкчылыктарынын инновациялык саясатын өнүктүрүү маселелери жана 9-сессиядан кийинки мезгилдеги Адистер тобунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалары талкууланды.

Сессиянын жүрүшүндө “Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү үчүн инновациялар сереби” долбоору талкууланды. Кыргызпатенттин төрагасынын орун басары Самат Байзаков Кыргызстандагы Инновациялар серебинин долбоорун даярдоо боюнча аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады.

Ал өз баяндамасында Кыргызстан үчүн жасалган сереп өлкөдө инновациялык ишмердүүлүктү өбөлгөлөөгө багытталган конкреттүү чараларды иштеп чыгуу боюнча практикалык колдонмо катары мындан ары колдонула тургандыгын белгиледи.

2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында Бишкекте Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү үчүн инновациялар серебин жарыялоо жана анын бет ачары пландаштырылууда.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.