Кыргызпатенттин төрагасынын Азербайджан жана Финляндиянын патенттик ведомстволорунун жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү

2017-жылдын 5-октябрында Женева шаарында Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Башкы  Ассамблеясынын ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрагасы Досалы Эсеналиев Азербайджан  жана Финляндиянын патенттик ведомстволорунун жетекчилери менен бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Азербайжан Республикасынын Патенттер жана товардык белгилер боюнча борборунун Башкы директорунун милдетин аткаруучу Гюнель Севдималыева менен жолугушуунун алкагында мындан ары кызматташуу жана ведомстволор ортосунда өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол коюунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маселелер талкууланды.

Төрага мындан ары ведомстволор ортосунда интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуу эки тараптын тең ийгиликтүү иштеши  үчүн ылайыктуу шарт түзөрүнө ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Г. Севдималыева ведомстволордун ортосунда кызматташууну тереңдетүүнүн жана тажрыйба алмашуунун, ушул багытта бирге иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп кетти.

Фин патенттик-каттоо ведомствосунун Башкы директору Антти  Риивари менен жолугушуусунда Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев Фин патенттик ведомствосу менен кызматташуу инновациялар чөйрөсүндө артыкчылыктуу болуп саналарын белгилеп кетти, анткени Финляндия Европанын натыйжалуу өнүгүп жаткан жогорку технологиялуу өлкөлөрүнүн бири болуп эсептелет жана илим менен технология чөйрөсүндөгү саясаттын негизги элементи катары улуттук инновациялык системасынын концепциясын кабыл алган биринчи өлкө болуп калды.

Фин патенттик-каттоо ведомствосунун Башкы директору өз кезегинде ведомстволор ортосунда тыгыз байланыш түзүүгө ниетин билдирди жана буга алгачкы кадам – Кыргызпатенттин өкүлдөрүнүн Финляндияга болгон таанышуу иш сапары болмокчу.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.