ИМБДУнун Өткөөл жана өнүккөн экономикасы менен өлкөлөрдүн департаментинин директору менен иш жолугушуусу

 2017-жылдын 4-октябрында Женева шаарында Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Башкы  Ассамблеясынын ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрагасы Досалы Эсеналиев менен ИМБДУнун Өткөөл жана өнүккөн экономикасы менен өлкөлөрдүн департаментинин директору Михал Швантнердин 2018-жылы ИМБДУ менен бирге өткөрүүчү иш-чараларды талкуулоо боюнча жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Кыргызпатенттин төрагасы Департаментке активдүү кызматташкандыгы жана биргелешкен долбоорлорго колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди: «Биз стратегиялык документтерди иштеп чыгуу чөйрөсүндө, Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлорун өнүктүрүүдө жардам бергендигин жана биздин адистерди окутууда ИМБДУнун колдоо көрсөткөндүгүн жогору баалайбыз».

Төрага 2018-жылга пландалган иштердин багыттары жөнүндө айтып берди жана Кыргызстанда ИМБДУ менен бирге бир катар иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

М. Швантнер ошондой эле Кыргызпатенттин мөмөлүү кызматташкандыгы жана интеллектуалдык менчик системасын жакшыртууга багытталган долбоорлорду бирге ашыргандыгы үчүн төрагага ыраазычылыгын билдирди.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.