Женевада Кыргызпатенттин төрагасы менен ИМБДУнун салттуу билимдер боюнча бөлүмүнүн Директорунун эки тараптуу жолугушуусу болду

2017-жылдын 3-октябрында Женева шаарында Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Башкы Ассамблеясынын ишинин алкагында салттуу билимдер боюнча кызматташууну талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрагасы Досалы Эсеналиев ИМБДУнун салттуу билимдер боюнча бөлүмүнүн директору Вен Венланд менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызпатенттин төрагасы салттуу билимдердин ээлерин табуу жана дареметтүү өтүнмө берүүчүлөрдү тартуу боюнча ведомствонун иши жөнүндө айтып берди.
“Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө” КРнын Мыйзамы кабыл алынгандан тартып Кыргызстанда салттуу билимдерди коргоо маселелерине маанилүү көңүл бурулуп келет. Мында ведомствонун негизги милдети болуп салттуу билимдер боюнча дайындар базасын түзүү, “жалпыга белгилүү” салттуу билимдердин инвентаризациясын жүргүзүү жана салттуу билимдерди мыйзамсыз пайдалануудан коргоонун таасирдүү механизмин иштеп чыгуу эсептелет»- деп белгиледи Д. Эсеналиев.
Өз кезегигде В. Венланд кеңири маалымат бергендиги үчүн жана салттуу билимдерди өнүктүрүү чөйрөсүндө анын бөлүмү кандай долбоорлор менен иш алып барып жаткандыгы жөнүндө айтып бергендиги үчүн Кыргызпатенттин төрагасына ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар салттуу билимдерди каттоо маселелери боюнча тажрыйба алмашуу максатында, салттуу билимдердин ээлеринин өзүлөрүнүн жана ушул жааттагы эксперттердин катышуусунда семинар өткөрүү жөнүндө макулдашты.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.