Кыргызпатент тарабынан жаш акындардын чыгармаларын камтыган кезектеги “Саамалык” альманахынын бет ачаар аземи өттү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунда жаш акын-жазуучуларынын чыгармаларынан турган кезектеги “Саамалык – 13” альманахынын бет ачар аземин өткөрдү.

Иш-чаранын максаты – колуна жаңы калем кармап келе жаткан жаш калемгерлердин чыгармачылыгына колдоо берүү, алардын чыгармаларын жамый журтка таанытуу. Альманахха жалпысынан 65 жаш-акындын чыгармалары кирген.

Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн бул иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев жана Интелектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директору Сыяпат Батырканова жаш калемгерлерге каалоо тилек айтуу менен иш-чараны ачып беришти.  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Аким уулу Медербек калемгерлерге каалоо тилек айтып, Кыргызпатенттин бир топ кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн улуттук комиссиянын сыйлыктарын ыйгарды.

Жаштарга устаттык кылган акын-жазуучулар да өз каалоо-тилектерин айтышып, жаш калемгерлер өзүнүн калемине таандык кыргыз тилине, мекенге байланыштуу, сүйүү ырларын окушту. Ошондой эле концерттик программа да кечени көркүнө чыгарды.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.