Кыргызпатентте Кытайдын Соода-өнөр жай администрациясынын башкы мамлекеттик башкармалыгынын министри Чжан Мао жетектеген делегациясы менен сүйлөшүүлөр болуп өттү

2017-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына (Кыргызпатент) Кытай Эл Республикасынын Соода-өнөр жай администрациясынын башкы мамлекеттик башкармалыгынын (SAIC) министри Чжан Мао жетектеген делегациясынын жолугушуусу болуп өттү.  

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев бул жолугушуу эки өлкөлөнүн ортосундагы бекем достук мамилелеринин миңдеген далилдеринин бири болуп саналат деп белгиледи. Кыргызстан жана Кытай жакшы кошуна, стратегиялык өнөктөш болуп саналуу менен соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүп келүүдө. “Сиздин иш сапарыңыз жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу биздин мекемелердин ортосундагы натыйжалуу өз ара аркеттешүүгө жана биздин кызматташуунун жемиштүү болоруна мүмкүндүк түзөт”, – деди Эсеналиев.

“25 жылдан ашуун убакыттан бери Кыргыз-Кытай мамилелери туруктуу өнүгүп, Кытайдын жана Кыргызстандын жетекчилиги расмий жолугушуулар менен эки өлкөдө болушту. Байыркы жибек жолунда Кыргызстандын стартегиялык жайгашкандыгы, КЭРнын төрагасы Си Цзиньпиндин “Бир алкак – бир жол” деп аталган демилгесинин алкагында мамилелердин өнүгүүсүн болжолдоштурат”, – деди Чжан Мао. Министр бул эки өлкөлөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүнүн жакшы мүмкүндүгү экендигин жана кызматташуу интеллектуалдык менчикти коргоо жана өнүктүрүү жаатында тереңдетилетургандыгын белгиледи.

Жолугушуу учурунда товардык белгилерди каттоо жана коргоо, ушул жаатта өз ара мамилелердин негизги багыттары боюнча кызматташуу маселелри талкууланды.

Жолугушуунун соңунда Кытай Эл Республикасынын Соода-өнөр жай администрациясынын башкы мамлекеттик башкармалыгынын (SAIC) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү, анда тийиштүү чөйрөдөгү маалымат алмашуу багыттары, биргелешкен иш-чараларды, актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн тегерек столдорду, кызматкерлерди окутуу жаатындагы кызматташуу жана өз ара пайдалуу кызматташуунун башка чөйрөлөрү каралган.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.