«Антиконтрафакт-2017» Эл аралык ассоциациясынын президенти Асламбек Аслаханов: «Форум күтүлгөндөн ашык, кесипкөйлүк менен жана уюшкандык менен уюштурулган»

Бишкекте 14-16-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамрезиденциясында өткөн «Антиконтрафакт-2017» V Эл аралык форумдун ишинин жыйынтыктары чыгарылды.

Форумдун жыйынтыктоочу отурумунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрагасы Досалы Эсеналиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Форумдун катышуучуларына ийгиликтүү иштегендери үчүн ыраазычылык билдирди. Ал мамлекеттик жана бизнез-түзүмдөрүнүн өкүлдөрүн маектешүүчү бир аянтчага бириктире алган Форум мерчемделген максаттарына жеткендигине ишенээрин билдирди. «Сиздердин конструктивдүү жана иш билги сунуштарыңар контрафактылык продукциянын жайылтылышына каршы күрөшүү жана аракеттешүү боюнча иште жаңы багыттарды аныктоого гана эмес, ошондой эле мындан ары аларды ишке ашыруунун белгилүү бир механизмдерин иштеп чыгууга мүмкүндүк берет», – деди ал.

«Антиконтрафакт-2017» V Эл аралык форумунун жыйынтыктоочу отурумунда кыргыз элинин жердеши, легендарлуу Генерал, «Антиконтрафакт» Эл аралык ассоциациясынын президенти Асламбек Аслаханов мындай деди: “Мени пленардык отурумдун башталаар алдындагы балдардын ырдаганы абдан кубандырды, алардын ырдашы эл аралык форумга өзгөчө бир тон берди”.

 

Форумдун ишин таржымалдоо менен Асламбек Аслаханов «Антиконтрафакт-2017» Эл аралык форумун жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дарегине ыраазычылык сөздөрүн айтты. Ошондой эле ал Форумдун катышуучуларына да ыраазычылык билдирди жана контрафактыга каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн тең уюштуруучуларга – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Соода өнөр жай министрлигинин, Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрүнө грамоталарды жана медалдарды тапшырды.

«Ушунча жашка келгиче мага дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүндө көптөгөн иш-чараларга катышууга туура келди, ушул Форум күтүлгөндөн ашык мыкты уюштурулуптур. Ушунчалык жогорку деңгээлде кесипкөйлүк менен биринчи класста уюштурулат деп күткөн эмесмин, ар бир аракет майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуштурулган. Биздин ар бир катышуучунун бир гана кубанычтуу сөздөрү бар, менин дагы Кыргызстанга түздөн-түз тиешем бар, өмүрүмдүн эң мыкты жылдарын мен ушул жерде өткөргөм, мен репрессияланган элдердин ичинен улутум боюнча чеченмин. Мен иш-чаранын менин Мекенимдин бир бөлүгү болгон жерде өткөнүнө чексиз кубанычтамын, ошол катаал жылдарда биздин жашап кетүүбүзгө жардам берген кыргыздарга чексиз ыраазымын.

Бул жерде менин жакшы досторум абдан көп, чынымды айтсам, бул маселеде менин жердештерим мыкты болуп чыккандыгы үчүн, жакшы жылуу сезимдер мени кубанычка толтурду. Миңдеген иш-чаралардын ичинен мындайды мен али көргөн эмесмин, жылмаюу менен жардам берүүгө даяр турган жакшынакай чын дилден чыккан мамилелерге күбө болдук, эч кандай көйгөй болгон жок, кайсы болбосун катышуучу менин айткандарымды тастыктап берет, биз өзүбүздү үйүбүздө жүргөндөй ал тургай кайсы бир жерлерде андан да мыкты сезип жаттык.

Кыргыз Республикасынын жетекчилиги азыр шайлоо мезгили экендигине карабастан иш-чарага чоң жоопкерчилик менен мамиле кылды, буга бир топ адамдык ресурстар тартылды, ал эми катышпай калгандар бизге жакшы ниет менен суктансн”, – деди Аслаханов.

Жыйынтыктоочу отурумдун жүрүшүндө эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө жана контрафактыга каршы күрөш боюнча өнөктөштөргө Кыргызпатенттин атынан Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.

Форумдун жыйынтыктоочу отурумунда Форумдун Жыйынтыктоочу Резолюциясына киргизүү үчүн секциялардын модераторлору жибере турган мурда 11 секцияда жана 3 тегерек үстөлдө кабыл алынган контрафактылык продуктуларга каршы күрөшүү боюнча чечимдерди алга илгерилетүүнү караштырган катышуучулардын жана спикерлердин сунуштарын топтоштуруу сунушталды.

Форум төмөнкү секциялардын иштеринин пленардык отурумдарынан турду: Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо. Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо чөйрөсүндө ЕАЭБдин мүчө-өлкөлөрүнүн аракеттерин координациялоо. Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө укук бузууларга бөгөт коюу жаатында укук колдонуу практикасы; Маркалоо каражаттары жана ыкмалары, өнөр жай продукциясына байкоо жүргүзүү тутумун – Биримдиктин мүчө-өлкөлөрүндө өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүүнүн технологиялык формаларын түзүү; Контрафактыга каршы аракеттенүү – көмүскө экономикага каршы күрөшүүнүн натыйжалуу ыкмаларынын бири, мамлекеттердин экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу; Өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү жана интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо чөйрөсүндө кадрдык мүмкүнчүлүктү калыптандыруу; Өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүүдө техникалык жөнгө салуунун ролу; Цементтик тармак нотификациянын жол-жоболорун киргизүү боюнча сынамык долбоор; Автомобилдик запастык бөлүктөрдүн мыйзамсыз чыгарылышына жана жүгүртүлүшүнө каршы аракет көрсөтүү; Трансчекаралык рыноктордо антимонополиялык контроль: ак ниет эмес атаандаштык; Санариптик экономикада өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу; Азык-түлүк коопсуздугу; Фармацевтикалык тармакта өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү маселелери; ЕАЭБдин мүчө-өлкөлөрүнүн бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчик объектилеринин корголушу; ЕАЭБдин аймагында контрафактылык товарлардын жайылтылыш деңгээлин аныктоого карата ыкмаларды жана тегерек үстөлдөрдү бирдейлештирүү: Товарлардын сапатын жогорулатуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн куралы катары. Коомчулуктун, бизнестин жана мамлекеттин ачык маеги; ЕАЭБде өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча өз ара аракеттерди өнүктүрүү; Авторлор, ойлоп табуучулар жана укук ээлери өз укуктары үчүн күрөштө.

Кезектеги «Антиконтрафакт» VI Эл аралык форуму 2018-жылы Москвада өтмөкчү.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.