Кыргызпатентте инновациялык долбоорлорду башкаруу маселелери боюнча тегерек столдун алкагында Кытай Эл Республикасынын Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик ведомствосунун (SIPO) делегациясы менен жолугушуу болуп өттү

2017-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) менен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик ведомствосу (SIPO) биргелешип уюштурган инновациялык долбоорлорду башкаруу маселелери боюнча тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столду ачып жатып, Кыргызпатенттин төрагасы Д. Эсеналиев ведомстволор аралык тыгыз байланыш түзүү үчүн ушундай иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. “Биздин кызматташуунун жакшы көрсөткүчтөрүнүн бири болуп, акыркы беш жыл ичинде гана КЭРде SIPOнун окутуучу семинарларына Кыргызпатенттин 16 кызматкери катышкандыгы саналат”, – деди Д. Эсеналиев. Кытайлык кесиптештер тарабынан даярдалган бет ачарлар үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул багытта дүйнөдөгү лидерлердин бири Кытайдын интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүү боюнча маалыматы тегерек столдун катышуучуларына пайдалуу болоору шексиз экендигин айтып өттү.

SIPOнун, Кыргызпатенттин, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү чогулган тегерек столдо инновацияларды өнүктүрүү, патенттик жана патенттик-маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү издөө, Кытайда жана Кыргызстанда инновациялык долбоорлорду башкаруу жана аларды коммерциялаштыруу маселелери талкууланды.

Тегерек стол башталганга чейин Кыргызпатентте Досалы Эсеналиевдин SIPOнун Координациялоо жана коргоо боюнча департаментинин өнөр жайлык кызматташуу боюнча директору Мын Хай Йан баштаган SIPOнун делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда эки ведомствонун кызматташуусун тереңдетүү маселелери талкууланды, атап айтканда биргелешкен семинарларды, тегерек столдорду өткөрүү, консультациялык жана эксперттик жардам көрсөтүү, интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу боюнча тажрыйба алмашуу жана такшалмаларды уюштуруу боюнча макулдашуулар болду.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.