«Менчик мамилелеринин эволюциялык өрчүшү: интеллектуалдык менчик укуктарынын экономикалык аспектилери” деген темада семинар өттү

2017-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Россиянын биринчи президенти Б. Н. Ельцин  атындагы Кыргызстан-Орусия Славян университети (КРСУ) менен биргелешип «Менчик мамилелеринин эволюциялык өрчүшү: интеллектуалдык менчик укуктарынын экономикалык аспектилери” деген темада тегерек стол өткөрүштү. Ошондой эле жакында өтүүчү «Антиконтрафакт-2017» эл аралык форумдун тематикасы талкууланды.

Тегерек столго университеттин студенттери, аспиранттары жана окутуучулары катышты. Иш-чарада Кыргызпатенттин төрагасынын орун басары С. Байзаков жана КРСУнун экономикалык факультетинин деканы профессор В. Гайдамако чыгып сүйлөштү. Өз сөздөрүндө алар экономиканын өнүгүшүндө интеллектуалдык менчиктин маанилүү ролун белгилеп кетишти.

Тегерек столдун жүрүшүндө КРСУнун профессору М. Кудайкулов «Менчик мамилелеринин системасынын теориялык негиздери», Кыргызпатенттин укук жана эл аралык келишимдер бөлүмүнүн башчысы
М. Ормушева “ИМ объектилеринин экономикалык түзүүчүлөрүн укуктук жөнгө салуу”, инспектирлөө бөлүмүнүн башчысы А. Нажимудинов «Антиконтрафакт-2017» эл аралык форуму» деген темада баяндамаларын окушту.

Тегерек столдун катышуучулары интеллектуалдык менчикти экономикада колдонууга байланыштуу маселелерди кеңири талкуулашты.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.