Кыргызпатент «Абайлагыла, контрафакт!» акциясын өткөрдү

2017-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) «Антиконтрафакт-2017» V эл аралык форумдун алкагында жарандарга контрафакттык продукциянын келтирген зыяны тууралуу маалымат берүү максатында «Абайлагыла, контрафакт!» акциясын уюштуруп өткөрдү.

Жыл сайын Кыргыз Республикасына контрафакттык продукцияны киргизүү учурлары белгиленүүдө жана тиешелүү органдар тарабынан тыюу салынууда, бирок мындан ташып киргизилген жасалма продукциянын саны азайган жок. Контрафакттык продукция түп нускасынан бир кыйла арзан болот, ошондуктан аларды калктын кеңири катмары пайдаланат. Ошону менен бирге керектөөчүлөр көпчүлүк учурда жасалма товар коркунуч келтирерин сезишпейт.

Акциянын алып баруучусу жана «Жарайт-сити» скетч-шоунун белгилүү актеру Алинур Абдыкалыков акциянын катышуучуларына алардын ден соолугуна коркунуч келтирүүчү контрафакттык дары-дармектерди жана тамак-аш продуктуларын сатып алуудан баш тартууга үндөдү.

Акциянын жүрүшүндө борбор шаарыбыздын тургундары жана меймандары контрафакттык продукциянын келтирген зыяны тууралуу пайдалуу маалымат алышты. Алар ар түрдүү конкурстарга жана бийлерге активдүү катышты жана мыкты катышуучуларга уюштуруучулар белектерди беришти.

Көрүүчүлөр Кыргызпатенттин кызматкерлери даярдаган флэш-мобго кол чабышты жана «браво!» деп сүрөп жатышты.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.