Кыргызпатент “Каракчылыкка жол жок!” акциясын өткөрдү

2017-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллктуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) “Каракчылыкка жол жок!” акциясын уюштурду.

Акциянын максаты контрафактылык жана жасалма продукцияга каршы күрөшкө, фальсификацияланган продукцияга карата терс мамилени калыптандырууга калктын көңүлүн буруу болду.

Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев чогулгандарга жигердүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирди жана жасалма, сапатсыз продукциядан баш тартууга чакырды. “Контрафактылык продукция өлкөнүн экономикасына гана эмес, ошондой эле биринчи кезекте калктын жана өсүп келе жаткан муундун ден-соолугуна чоң зыян келтирет” – деп белгиледи Эсеналиев.

Иш-чара жыл сайын мындай акцияны жигердүү колдоп келген ата мекендик эстрада жылдыздарынын концерти менен коштолду, алар элди каракчылык аудио-видео продукциясынан баш тартууга үндөштү.

Акциянын жүрүшүндө көрүүчүлөр оюндарга жана конкурстарга катышып, жагымдуу белек-бечкектерди алышты.

Кыргызпатенттин кызматкерлери көрүүчүлөргө өзүлөрү даярдаган бий флэш-мобду ийгиликтүү көрсөтүштү.

Акция 2017-жылдын 14-16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында өтө турган «Антиконтрафакт-2017» Эл аралык форумунун алкагында өттү.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.