Көңүл бургула, конкурс!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) жана Билим берүү жана илим министрлиги

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын алдында Технопарктарды түзүү боюнча”

конкурс өткөрүлөөрүн жарыялайт.

Конкурстун максаты – университеттердин алдында технопарктарды түзүү боюнча долбоорлорду тандап алуу.

Конкурска Кыргыз Республикасындагы көп профилдүү жогорку окуу жайлар катыша алат.

Өтүнмө электрондук түрдө да,   кагаз түрүндө да кабыл алынат.

Өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелет:

– университеттик технопаркты түзүүнүн концепциясы;

– технопарктын түзүмү;

– технопаркты түзүүнүн бизнес-планы;

– технопаркты түзүүнүн календардык планы;

– долбоордун бет ачары.

(Конкурска берилген өтүнмөлөр ылайык келүүгө тийиш болгон критерийлер менен http://patent.kgсайтындагы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын алдында Технопарктарды түзүү боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жободон таанышсаңыздар болот).

Өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү: 2017-жылдын 1-ноябрына чейин

Жарыяда  көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген өтүнмө каралбайт.

Конкурстун жеңүүчүсүнө Кыргызпатент менен Технопаркты түзүүчү тараптын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде грант берилет.

Конкурска өтүнмө  Кыргызпатентке төмөнкү дарек боюнча жөнөтүлөт: Бишкек шаары, Москва көч., 62, е-mail:konkurs@patent.kg

Маалыматтар 68-16-01 телефону аркылуу берилет

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.