Кыргызпатентте квалификацияны жогорулатуунун кыска мөөнөттүү окутуу курсунун угуучуларына сертификаттар тапшырылды

2017-жылдын 16-18-августунда Кыргыз Республиксынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери “Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо” темасындагыквалификацияны жогорулатуунун кыска мөөнөттүү окутуу курсун өтүштү.

Кыска мөөнөттүү окутуу курсу 2017-жылдын 14-16-сентябрында Бишкекте өткөрүлүүчү “Антиконтрафакт-2017” V Эл аралык форумунун алкагында болуп өттү.

Окутуу курсунун максаты болуп, интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо, интеллектуалдык менчик объектилерин сактоо, интеллектуалдык менчик объектилерин катоого өтүнмөлөрдү тариздөө жана берүү жол жоболору, авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу маселелер жана Кыргыз Республикасынын инновациялык тутуму жөнүндө түшүк берүү боюнча билим денгээлин жогорулатуу саналат.

Окутуучулар интеллектуалдык менчимк тутуму, интеллектуалдык менчик жаатындагы эл аралык келишимдер, интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо, автордук жана чектеш укуктар жаатындагы мыйзам бузууларга бөгөт коюу жана Кыргыз Республикасында инновациялык тутумду өнүктүрүү жөнүндө баяндамаларды жасашты.

Курс аяктаган соң Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев угуучуларга сертификаттарды тапшырды жана ведомстволор аралык кызматташууну жандандырууга жана улантууга чакырды.

Окутуудан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Сот департаментинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин кызматкерлери өттү.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.