«Антиконтрафакт – 2017» V Эл аралык форумуна катышуучуларды каттоо жүрүп жатат

Форумдун ишине катышып, секциялардын биринин алкагында баяндама менен чыгып сүйлөөгө чакырабыз.

Форумга катышууга бардык кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун, товар өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн бирикмелеринин өкүлдөрү, профилдик жааттардагы эксперттер, кесиптик коомдоштуктардын, ЖМКлардын өкүлдөрү ж.б. чакырылат.

Форумдун иши ЖМКларда жана чет элдик маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылат.

 Кеңири маалымат жана каттоо төмөнкү сайтта: http://anti-counterfeiting.ru/antikontrafakt-2017

Маалымат үчүн:

2017-жылдын 14-16-сентябрында Бишкек шаарында өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет көрүү, анын ичинде интеллектуалдык менчик укуктарын натыйжалуу коргоо маселелери боюнча “Антиконтрафакт”  V Эл аралык форуму болуп өтөт.

“Антиконтрафакт” форуму Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында борбордук талкуулоо аянтчасы болуп калды, ал жерде ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, ири компаниялардын жана уюмдардын башчылары, бул жааттагы алдыңкы эл аралык эксперттер, илимдин жана коомчулуктун өкүлдөрү рынокторду өнөр жай продукциясын, анын ичинде контрафактылык жана жасалма продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүдөн коргоо, интеллектуалдык менчикти коргоо укуктарын камсыздоо маселелерин талкуулоого, ошондой эле конструктивдүү диалог түзүүгө, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн цивилизациялуу рыногун калыптандыруу максатында биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүндүк алышат.

Форумдун алкагында бажылык, техникалык жөнгө салуу жана сертификациялоо, кадрлардын дараметин калыптандыруу, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүү маселелери, интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларына укуктарды коргоо, керектөө рыногун коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкештөө маселелери каралат. Форумдун алкагында адаттагыдай эле жаштар секциясы да иштейт. 

Өткөрүлчү жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Семетей көч., 1-үй (“Ала-Арча” №1 резиденциясы).

 

Форумдун алдын-ала программасы

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.