Кыргызпатент Кыргыз Республикасында салттуу билимдерди укуктук коргоо боюнча конференция өткөрдү

2017-жылдын 28-29-июлунда XII “Оймо” Эл аралык салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк фестивалыныны алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Бишкек ишкердик клубу менен бирдикте “Кыргыз Республикасында салттуу билимдердин укуктук коргоо” конференциясын өткөрдү.

Конференцияда “Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын практикалык колдонулушунун юридикалык жана маданий аспектилерин камтыган маселелер талкууланды жана бет ачарларда генетикалык ресурстарды пайдалануу менен салттуу билимдерге укуктук коргоо берүү жана аларды мамлекеттик каттоо маселелери чагылдырылды, ар түрдүү өлкөлөрдөгү жаратылыш мурастарын коргоо тажрыйбалары, ошондой эле кыргыздардын этно-экологиялык салттарынын негизинде коомдун заманбап экологиялык маданиятын калыптандыруу боюнча көз караштар ортого салынды.

Конференциянын алкагында төмөнкү темалар боюнча модалар көрсөтүлдү: «Сыйкырдуу кийиз», «Байыркы салттуу кийим-кече жана аларды даярдоонун ыкмалары». Катышуучуларга аялдар баш кийими – “Элечекти” салттуу ороонун мисалын көрсөтүлдү.

Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар тарабынан салттуу билимдерди коргоо тутумун мындан ары жакшыртуу максатында резолюция кабыл алынды.

XII “Оймо” Эл аралык салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк фестивалынын алкагында Кыргызпатент тарабынан уюштурулган «Кыргыздарын салттуу билимдери жана ыкмалары» аттуу көргөзмө чоң таасир калтырган окуя болуп калды.

Көргөзмөгө салттуу билимдерди сактап келе жаткан нукура чеберлер жана аны алып жүрүүчүлөр катышып, ар түрдүү кол өнөрчүлүк буюмдарын, улуттук тамак-аштарды, кыргыз элинин жашоо-тиричилик буюмдарын көрсөтүштү.

Конференциянын аягында бардык катышуучулар Кыргызпатенттин дипломдору менен сыйланышты.

Благодарственное письмо.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.