Бишкекте жеке көчүрмөлөө жаатындагы лицензиялоонун эл аралык тажрыйбасына арналган семинар болуп өттү

2017-жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) “Автордук укук. Жеке көчүрмөлөө жаатындагы лицензиялоонун эл аралык тажрыйбасы” темасындагы региондук семинар болуп өттү.

Бул иш-чаранын максаты жеке көчүрмөлөө жаатындагы лицензиялоону киргизүүнүн чет элдик тажрыйбасы менен таанышуу болду.

Семинарда жеке көчүрмөлөө чөйрөсүндө өзүнүн тажрыйбасы жөнүндө Россиялык укук ээлер биримдигинин башкы директорунун орун басары  Э. Вальдес-Мартинес жана Грузия автордук коомунун башкы директорунун орун басары  М. Кулулашвили чыгып сүйлөштү.

Кыргызпатенттин төрагасы Д. Эсеналиев  бул семинар ушул жылдын 14-16-сентябрында Бишкекте өтүүчү “Антиконтрафакт” эл аралык форумунун даярдык иш-чараларынын алкагында өткөрүлүп жаткандыгын айтып өттү. Ошондой эле ал баяндамачыларга жана катышуучуларга семинардын ишине катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасында жеке көчүрмөлөө жаатындагы лицензиялоону киргизүү маселеси изилденип гана жаткандыгын жана бул семинар эл аралык тажрыйба менен таанышуудагы биринчи баскыч экендигин баса белгиледи.

Семинарга Казакстан автордук коомунун, Казакстан улуттук укук ээлер биримдигинин,  Казакстандын “Абырой” жана “Аманат” коомдорунун, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, авторлор, укук ээлери жана жабдууларды импорттоочулардын өкүлдөрү катышты.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.