Евразия экономикалык биримдигинин органдарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында 2017-жылдын 14-16-сентябрында Бишкек шаарында өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет көрүү, анын ичинде интеллектуалдык менчик укуктарын натыйжалуу коргоо маселелери боюнча “Антиконтрафакт”  V Эл аралык форуму болуп өтөт.

Форумдун катышуучулары  товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн цивилизациялуу рыногун өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жакшыртуу жолдорун, контрафакттык жана жасалма продукцияны өндүрүүгө жана жайылтууга каршы аракет көрүү чараларынын тутумун, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо көйгөйлөрү, жарандардын ден соолугуна жана байгерчилигине контрафакттык жана жасалма продукциянын тийгизген таасирин жана башка бир катар маселелерди талкуулашат.

Форум конференциядан, пленардык отурумдардан, контрафакттык жана лицензиялык продукциялардын үлгүлөрү коюлган көргөзмөдөн турмакчы.

“Антиконтрафакт” I Эл аралык форуму 2012-жылы Москвада, “Антиконтрафакт” II Эл аралык форуму 2014-жылы  Астанада, “Антиконтрафакт” III Эл аралык форуму 2015-жылы Минскте болуп  өткөн.

“Антиконтрафакт” IV Эл аралык форуму  2016-жылы  Ереванда болуп өткөн, анда “Антиконтрафакт”  V  Эл аралык форумун Бишкекте өткөрүү сунушталган.

Форумдун уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Евразия экономикалык комиссиясы, контрафакттык продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет көрүү боюнча ишти жүзөгө ашырган уюмдардын  “Антиконтрафакт” Эл аралык ассоциациясы жана Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министрлиги.

Форумду өткөрүү боюнча Катчылыктын иш-милдеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлкеттик кызматына (Кыргызпатент) жүктөлгөн.

Маалымдама:

“Антиконтрафакт” эл аралык форуму тажрыйба алмашуу, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) укуктарын жана ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттеринин мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу, товарлардын сапаты менен коопсуздугун жогорулатууга багытталган техникалык жөнгө салуу жана сертификациялоо механизмдерин өркүндөтүү, продукциянын сапаты менен коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүүңун майнаптуу ыкмалары менен механизмдерин иштеп чыгуу, ЕАЭБдин ыйгарым укуктуу органдарынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, эл аралык кызматташтыктын багыттарын иштеп чыгуу жана укук бузууларды аныктоо, болтурбоо жана алдын алуу боюнча иш-аракеттерди координациялоо максатында ЕАЭБдин алкагында уюштурулуучу, өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет көрүү, анын ичинде интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо чөйрөсүндө дайыма өткөрүлүп туруучу илимий-практикалык жана көргөзмөлүк иш-чара болуп саналат.

Маалыматтык өнөктөштүк маселелери боюнча төмөнкү телефондорго кайрылуу керек:

996 (312) 68 07 90, 996 (772) 51 51 21

pr@patent.kg

Гульбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

“Антиконтрафакт – 2017” эмблемасынын түшүндүрмөсү

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.