Ысык-Көлдө патенттик талдоо боюнча эл аралык семинар болуп өттү

2017-жылдын 4-5-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) жана Евразия патенттик уюму (ЕАПУ) менен биргеликте Патенттик талдоо боюнча регионалдык семинар уюштурду.

Семинардын максаты – патенттик маалыматтарды пайдаланууга жана патенттик издөө куралдарына, ошондой эле патенттик ландшафттар жөнүндө отчетторду даярдоого жана ушул жааттагы алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга байланыштуу практикалык маселелерди талкуулоо.

Өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев, Интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызматтын (Роспатент) жетекчиси Григорий Ивлиев, ИМБДУнун Кавказ, Борбордук Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрү бөлүмүнүн начальнигинин милдетин аткаруучу Илья Грибков жана ЕАПУнун президенти Сауле Тлевлесовалар иш-чараны уюштуруучусуна өз ара ыраазычылыктарын билдиришти, бул семинардын алкагында коюлган маселелердин жана милдеттердин актуалдуулугун баалашты, мындан ары кызматташууну улантууну каалагандыктарын билдирүү менен бирге ушундай иш-чаралардын үзгүлтүксүз болуп туруусуна үмүт артышты.

Семинардын катышуучулары патенттик маалыматтарды алмашуу жана визуалдаштыруунун жаңы куралдары, маалыматтарды статистикалык иштеп чыгуунун негизинде патенттик маалыматтарды талдоонун методологиясын өнүктүрүүнүн акыркы тенденциялары менен таанышышты.

Лектор катары ИМБДУнун өкүлдөрү Ирэн Китсара жана Пол Олдхам, ЕАПВдан Андрей Кондрат жана Роспатенттен Олег Ен чыгып сүйлөштү. Лекторлор патенттик ландшафт жөнүндө отчетторду даярдоонун ар түрдүү аспектилери камтылган баяндамалардын бетачарын жасашты, анын ичинде белгилүү өлкөлөрдө конкреттүү технологияларды патенттик коргоо менен кырдаалды сыпаттоо жана изилдөө үчүн алынган натыйжаларды пайдалануу, жеке технологияларды патенттөөнүн стратегияларын иштеп чыгуу жана аларды лицензиялоо, ошондой эле алынган материалдын негизинде башка бизнес-чечимдерди кабыл алуу мүмкүндүгү көрсөтүлдү.

Армениянын, Азербайжандын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын улуттук патенттик ведомстволорунун өкүлдөрү улуттук патенттик жол-жоболордун негизги статистикалык көрсөткүчтөрү жана патенттик талдоо менен иштөөгө ведомстволордун мамилелери жөнүндө кыскача баяндамаларды жасашты.

Семинардын аягында Грибков иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи жана Кыргызпатенттин бардык кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.

Семинардын ишине ИМБДУнун, ЕАПУнун Россиянын, Армениянын, Азербайжандын, Молдованын, Беларусиянын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын патенттик ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, министрликтердин, ведомстволордун, бизнес-коомдорунун өкүлдөрү, ойлоп табуучулар жана Кыргызпатенттин кызматкерлери катышты.

 

Маалымдама:

Патенттик талдоо – бул илимий-техникалык жетишкендиктерди камтыган продукцияларды рынокто иштеп чыгууга жана алга жылдырууга байланышкан техникалык, конъюнктуралык жана укуктук милдеттердин чөйрөсүн чечүү үчүн колдонулган изилдөөлөрдүн заманбап куралдарынын бири.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.