БУУ ЕЭКсы инновациялык саясат жаатындагы сунуштамалардын долбоорун көрсөттү

2017-жылдын 22-23-июнунда Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык экономикалык комиссиясы (БУУ ЕЭК) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы  (Кыргызпатент) менен  биргеликте уюштурган “Туруктуу өнүгүү максатына жетүү үчүн инновацияларды илгерилетүү” регионалдык конференциясы өтүп жатат.

Бир жыл бою эл аралык эксперттер тобу улуттук бийлик органдары, жергиликтүү эксперттер менен тыгыз байланышта “Кыргыз Республикасынын инновациялык өнүгүүсүнүн талдоосун”  жүргүзүүдө. Талдоо саясатты иштеп чыгуу меселелери боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү  жолу аркылуу уюштурулат жана инновациялык ишмердүүлүктү өбөлгөлөөгө, инновациялык дараметин өстүрүүгө жана улуттук инновациялык тутумдун майнаптуулугун жогорулатууга багытталган, мүмкүн болгон саясий чараларды талдоого арналат.

Кыргызпатент тарабынан бул багытта белгилүү иштер жүргүзүлүүдө: “2022-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасын илимий-инновациялык өнүктүрүүнүн концепциясы” бекитилген жана инновациялык тутумду өнүктүрүү боюнча өзүнө чоң блокту камтыган “2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы” бекитүү стадиясында турат.

Кыргызпатент тарабынан үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында БУУ ЕЭК миссиясынын эксперттери менен бир катар мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана бизнес коомдоштуктардын өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулган.

БУУ ЕЭК Экономикалык кызматташуу жана соода департаментинин Инновациялык саясатты өнүктүрүү секторунун жетекчиси Ральф Хайнрих жана Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев конференциянын катышуучулары менен саламдашып, бул биргелешкен долбоорду ишке ашыруудагы колдоо үчүн өз ара ыраазычылыктарын билдиришти.

Конференцияны өткөрүүнүн максаты болуп, Кыргыз Республикасынын инновациялык өнүгүшүнүн талдоосунун долбоорунун бет ачары саналат, анда алдынкы чет өлкөлүк эксперттер тобу жана ата-мекендик адистер Кыргызстандын инновациялык ишмердүүлүгүнүн өнүгүү  абалына жана тенденцияларына көз карандысыз баа беришет.

Талкуунун жыйынтыгында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү үчүн сунушталган инновациялык талдоо кайрадан иштелип чыгып, жыл аягына чейин БУУ ЕЭКтин расмий документи катары жарыяланат.

Бул долбоор БУУнун 2030-ж. чейин туруктуу өнүктүрүүнүн Күн тартибинин алкагында КМШнын Казакстан, Армения, Тажикстан өлкөлөрүндө ишке ашкан, Украина, Беларусия жана Кыргызстанда ишке ашырылууда.

Конференциянын ишине эл аралык эксперттер тобу, БУУ ЕЭКтин, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, Соода-өнөр жай палатасынын, ЖОЖдорунун, бизнес коомчулуктун өкүлдөрү жана Кыргызпатенттин кызматкерлери катышып жатышат.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.