Бүгүн, 2017-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) колдоосу менен уюштурулган Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союузунун “Эмен багы” көргөзмө залында “Кыргызстандын жаш сүрөтчүлөрү” тематикалык көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү.

Көргөзмөнүн ачылышында жаш сүрөтчүлөргө Кыргызпатенттин атайын сертификаттары жана мекеменин колдоосу менен басылган жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери чагылдырылган сүрөт-альбомдор тапшырылды.

Кыргыз сүрөт искусствосун өнүктүрүү, жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектерин жалпы журтчулукка  жайылтуу, чыгармачылыгын колдоо жана эргүү, шык-дем берүү көргөзмөнүн максаты болуп саналат. Кыргызпатент тарабынан ушул сыяктуу көргөзмөлөр 2005-жылдан бери уюштурулууда.

Көргөзмөгө жаш сүрөтчүлөрдүн ар кайсы жанрдагы, түрдүү тематикадагы 70 жакын эмгектери коюлду. Иш-чарага өлкөбүздүн жаш сүрөтчүлөрү, КР Сүрөтчүлөр союзунун өкүлдөрү, сүрөт искусство сүйүүчүлөрү, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана Кыргызпатенттин кызматкерлери катышты.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.