Авторлор кеңешинин жана Чектеш укуктар ээлеринин кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

2017-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) Авторлор кеңешинин жана Чектеш укуктар ээлеринин кеңешинин Президиумдарынын кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумдун күн тартибинде Евразиялык укук ээлеринин коомунун конфедерациясынын (ЕАУЭКК) курамына авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу чөйрөсүндө Кыргызпатенттин кирүү маселеси болду.

Кыргызпатентке караштуу Авторлор кеңешинин жана Чектеш укуктар ээлеринин кеңешинин Президиумдарынын курамында: Сардарбек Жумалиев, Майрамкан Абылкасымова, Мар Байжиев, Бактыгүл Чотурова, Сейит Жетимишев, Омор Султанов,Атантай Акбаров, Саламат Садыкова, Жыпар Исабаева, Олег Бондаренко, Темирлан Сманбеков, Болот Осмонов, Анна Осадченко, Нургүл Жумабаева.

Ошондой эле отурумдун жүрүшүндө автордук укук, авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу боюнча башка маселелер талкууланды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Евразиялык укук ээлеринин коомунун конфедерациясынын курамына Кыргызпатенттин кирүүсү жактырылды.

Маалымдама:

ЕАУЭКК Конфедерациянын мүчөлөрү сунуштаган аймактарда жана чөйрөлөрдө укуктарды жамааттык башкаруу институтун калыптандыруу жана өнүктүрүү максатын көздөгөн бириктирилген уюм болуп саналат. Конфедерациянын курамына кээ бир КМШ өлкөлөрүнүн авторлорунун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу боюнча уюмдар кирет.

Конфедерациянын максаты болуп, эл аралык дагы, улуттук дагы деңгээлде маалымат алмашуу процессин жакшыртуу, техникалык камсыздоо, укук ээлеринин кызыкчылыктарын коргоо үчүн Конфедерациянын мүчөлөрү тарабынан көрсөтүлгөн алардын иш жүзүндөгү кызматташуусу саналат

Конфедерация төмөнкү милдеттерди аткарат:

– укуктарды жамааттык башкаруу чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча мүчөлөрдүн ортосундагы маалымат алмашуу тартибин калыптандырат жана жакшыртат (анын ичинде административдик жол-жоболор, юридикалык териштирүүлөр/арбитраждар, сыйакы чогултуу жол-жоболору, тарифтерди түзүү, бөлүштүрүү тартиби ж.б.);

– укуктарды жамааттык башкаруу же укук ээлеринин укуктарын бузууга тиешелүү маселелер боюнча кайсы болбосун улуттук же эл аралык органда чыгат же кароого жиберет;

– автордук жана/же чектеш укуктар объектилерин коргоого жана сактоого мүмкүндүк түзөт;

– укук ээлери үчүн сыйакыны чогултуу жана бөлүштүрүү механизминин иштөө натыйжалуулугун жайылтат жана колдойт;

– ишмердүүлүктүн жана башкаруунун бирдиктүү стандарттарын иштеп чыгууну жана жайылтууну, ошондой эле мүчөлөрдүн ишмердүүлүк аймагында алардын сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;

– укук ээлерин укуктарын коргоо боюнча ишмердүүлүктү координациялайт;

– изилдөө жана маалыматтык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырат.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.